Cаясат

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
19/10 14:57
 

Эрлан Абдылдаев Борбордук Азия үчүн Превентивдүү дипломатия боюнча БУУнун регионалдык борборунун башчысы Петко Драганов менен жолукту

Бишкек, 19-октябрь /Кабар/. Кыргыз делегациясынын Ислам кызматташтыгы уюмуна мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлер кеңешинин 43-сессиясына катышуусунун алкагында КР тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Борбордук Азия үчүн Превентивдүү дипломатия боюнча БУУнун регионалдык борборунун башчысы Петко Драганов менен жолукту.

Жолугушууда тараптар актуалдуу регионалдык маселелерди жана мындан аркы кызматташтыктын келечектерин талкуулашты. Атап айтканда, П.Драгановго бир катар регионалдык маселелерди чечүү, анын ичинде Борбордук Азия үчүн Превентивдүү дипломатия боюнча БУУнун регионалдык борборунун ишинин натыйжалуулугун көтөрүү жаатында сунуштар жана КРдын Борбордук Азия үчүн Превентивдүү дипломатия боюнча БУУнун регионалдык борборунун ишмердигине көз карашы билдирилди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу