Cаясат

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
19/10 13:39
 

Өмүрбек Бабанов: “Конституцияга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр – парламентаризмге карай кадам”

Бишкек, 19-октябрь /Кабар/. Конституцияга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр – парламентаризмге карай кадам. Бул тууралуу референдумду белгилөө тууралуу маселе каралып жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында “Республика – Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов билдирди.

Анын айтымында, Конституция кабыл алынса, премьер-министр кызматына дайындалган депутат мандатып тапшырбайт. “Ал жакта кээ бир беренелер бар, алар толуктоолор кабыл алынгандан кийин дагы 2017-жылдын 1-декабрына чейин аракетте болот, бул өзгөчө парламент менен Өкмөткө тиешелүү. Эмне үчүн 2017-жылдын 1-декабрынан баштап? Анткени, ошол учурда президенттин мөөнөтү бүтөт”,-деди ал.

Өз кезегинде КСДП лидери Иса Өмүркулов эмне үчүн толуктоолорду киргизүүнүн оппоненти Каныбек Иманалиев (“Ата Мекен”) күчтүү чечен катары 2010-жылдагы Конституциянын текстине өзүнүн толуктоолорун киргизген эмес? деп түшүнбөй жаткандыгы билдирди.

“Келгиле Акаев жана Бакиевдин убагын чаташтырбай эле коелу. Конституциянын беренелерине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр такталып жатканда эч ким өзгөртүү киргизген эмес. Конституция өлкөнүн эң башкы мыйзамы болуп саналат. Эгер толуктоо киргизүү зарыл болсо, анда аны жасаш керек. Көрүп турасыздар, биз эмне элге каршы үгүт жүргүзүп жатабызбы? Жок, биз парламентти күчөткүбүз келип жатат. Эгер эртең сиздин партияңыз (“Ата Мекенге” кайрылып) бийликке келсе, анда ал өзүнүн премьер-министрин дайындап, аны туруктуу кыла алат”,-деди ал.

Мындан тышкары, И.Өмүркулов чындыгында референдум тууралуу мыйзам кабыл алуу процедурасы соттун чечими менен эмес, Конституциянын негизинде жүргүзүлүүдө деп белгиледи. “Башмыйзамдын 114- жана 74-беренелеринде процедура тууралуу айтылат. Референдум тууралуу маселе мыйзам долбоорубу же мыйзам болуп саналабы деген суроого байланыштуу мен укуктук көз караштан алганда референдумду мыйзам кабыл алынгандан кийин гана жарыялоого боло турганын түшүндүргүм келет”,-деди КСДПнын лидери.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу