Cаясат

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
18/10 09:00
 

Чыныбай Турсунбеков баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Кытайда өткөн форумга жогорку даражалуу конок катары катышты

Чыныбай Турсунбеков баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Кытайда өткөн форумга жогорку даражалуу конок катары катышты

Бишкек, 18-октябрь /Кабар/. 14-15-октябрь күнү Кытайдын Чунцин шаарында өткөн “КЭРдин Коммунистик партиясынын дүйнө менен диалогу - 2016-жыл” форумуна катышуу үчүн барган Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Жогорку Кеңештин өкүлдөрүн форумдун уюштуруучусу, КПК БКнын Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Сун Тао жогорку даражалуу конок катары кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Сун Тао форумга катышып бергендиги үчүн Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Жогорку Кеңештин делегациясына ыраазычылыгын билдирип, бул жумушчу сапар иш-чаранын аброюн арттырууга жакшы шарт түздү деп кошумчалады.

Өз кезегинде Төрага форумдун мыкты деңгээлде уюштурулгандыгын кошумчалап, мындан ары да парламенттер жана партиялар аралык байланышты арттырууга багытталган кызматташтык тынымсыз улантылышы керектигине токтолду.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу