Cаясат

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
17/10 17:43
 

Кыргызстан ТИМ башчысы менен Казакстандын Президенти кызматташтыктын актуалдуу маселелериин талкуулашты

Бишкек, 17-октябрь /Кабар/. Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев Казакстанга иш сапары менен барган КРнын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды.

ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Э.Абдылдаев Казакстандын башчысына жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан салам айтты.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.

Э.Абдылдаев Казакстандын Президентине Казакстандын ТИМ башчысы Е.Идирисов менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы жана өзүнүн иш сапарынын жүрүшүндө эки тараптуу документтерге кол коюулар жөнүндө маалымат берип, документтердин боордош эки өлкөнүн ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу