Cаясат

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
17/10 15:53
 

Нурсултан Назарбаев: “Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда чечилбеген эч кандай маселелер болбошу керек”

Нурсултан Назарбаев: “Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда чечилбеген эч кандай маселелер болбошу керек”

Бишкек, 17-октябрь /Кабар/. Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда чечилбеген эч кандай маселелер болбошу керек. Бул тууралуу Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев Казакстанга расмий иш сапары менен барган Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолугушуу учурунда билдирди.

Казакстан Президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-казак өз ара аракеттеринин негизги багыттары жана эки өлкөнүн мындан аркы бирдиктүү иштеринин артыкчылыктуу чөйрөлөрү талкууланды.
Мындан тышкары, тараптар аймактык жана эл аралык күн тартибинин актуалдуу аспектилери боюнча пикир алышты.

Нурсултан Назарбаев Казакстан менен Кыргызстанды тарыхый тыкыс достук жана кызматташтык бириктирип турат деп белгиледи.
“Сиздердин өлкөңүздөр биздин жакын жана өнөктөш коңшубуз болуп саналат. Алардын ортосунда чечилбеген эч кандай маселелер болбошу керек. Дүйнөдөгү жөнөкөй эмес экономикалык жана саясий кырдаалды эске алуу менен биз бирге болушубуз зарыл”,-деди Казакстандын Президенти.

Өз кезегинде Э.Абдылдаев Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан салам айтып, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары дагы бекемдөөгө ишеним билдирди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу