Cаясат

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
17/10 15:20
 

Кыргызстан менен Казакстандын ТИМ башчылары эки тараптуу кызматташтыктын абалын жана келечегин талкуулашты

 Кыргызстан менен Казакстандын ТИМ башчылары эки тараптуу кызматташтыктын абалын жана келечегин талкуулашты

Бишкек, 17-октябрь /Кабар/. Бүгүн, 17-октябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Казакстандын тышкы иштер министри Ерлан Идрисовдун чакыруусу боюнча расмий иш сапары менен Казактанга барды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында Казакстандын ТИМ мекемесинде Э.Абдылдаевдин Е.Идрисов менен жолугушуусу болду. Тар жана кеңери форматтагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тышкы саясий ведомство башчылары эки тараптуу кыргыз-казак кызматташтыгынын абалы жана келечегин, көп тараптуу өз ара мамилелерди талкуулашты. Ошондой эле, министрлер бир катар аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашып, алдыда Бишкекте өтө турчу ири тышкы саясий иш-чаралар – Түрк мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин саммити жана Шанхай кызматташтык уюмунун өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынын талкуулашты.

Жолугушуу иштиктүү атмосферада өтүп, тараптар эки өлкөнүн ортосундагы достукту жана биримдиктүү мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөөгө даяр экендиктерин ырасташты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу