Cаясат

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
14/10 18:37
 

Төрага Чыныбай Турсунбеков монгол парламентинин төрагасы менен жолукту

 Төрага Чыныбай Турсунбеков монгол парламентинин төрагасы менен жолукту

Бишкек, 14-октябрь /Кабар/. Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Жогорку Кеңештин өкүлдөрү Кытай Эл Республикасынын Чунцин шаарында өтүп жаткан “КЭРдин Коммунистик партиясынын дүйнө менен диалогу - 2016-жыл” форумуна катышып жатып, Монголиянын Мамлекеттик Улуу Хуралынын (парламент) Төрагасы Миегомбо Энкхболд баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар парламенттер аралык байланышты жакшыртуу маселелерине токтолушуп, эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык алакаларды арттыруу зарылчылыгын белгилешти.

Кесиптеши менен ушундай жогорку деңгээлдеги форумда кездешип жатканына кубанганын айткан Төрага Чыныбай Турсунбеков Монголиянын Мамлекеттик Улуу Хуралынын тажрыйбасы кыргыз парламенти үчүн өтө маанилүү экенин белгилеп: "Жогорку Кеңеш сиздер менен тыгыз кызматташууга кызыктар. Себеби, парламенттик демократияга багытталган жаңыланууда Монголиянын тажрыйбасынан пайдалануу өтө зарыл", - деди.

Ошондой эле, эки өлкө ортосундагы алакаларды күчөтүү керектигин билдирген Төрага маданият, билим берүү тармактарындагы байланыштарды кеңейтүү аркылуу достук мамилени чыңдоого болорун баса белгиледи.
Андан тышкары, экономикалык алакалар да унутта калбаш керек деген Чыныбай Турсунбеков: "Кыргызстандын 2017-жылга чейинки өнүгүү Стратегиясынын алкагында кыргыз тарап Монголия менен болгон өнөктөштүктү улантууга кызыктар", - деди.

Өз кезегинде монгол делегациясынын башчысы Төрага Миегомбо Энкхболд Кыргызстан менен айыл-чарба жана кен иштетүү тармактарында кызматташуу жемиштүү болорун белгилеп, жакынкы аралыкта Монголия парламентинин депутаттарынан турган делегация Кыргызстанга келерин кошумчалады.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу