Cаясат

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
14/10 16:58
 

ЖККУнун саммитинин жыйынтыгы боюнча 2025-жылга чейин жамааттык коопсуздук стратегиясы кабыл алынат – ЖККУнун катчылыгы

Бишкек, 14-октябрь /Кабар/. Ереванда (Армения) өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) саммитинин жыйынтыгында 2025-жылга чейин жамааттык коопсуздук стратегиясы кабыл алынат.

Уюмдун катчылыгы билдиргендей, ЖККУга мүчө-мамлекеттердин башчылары жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынында эл аралык кырдаалды жана жамааттык коопсуздукту камсыздоонун актуалдуу маселелерин талкуулап, 2025-жылга чейинки аралыкта ЖККУнун жамааттык коопсуздук стратегиясы тууралуу долбоордун чечимин жана ЖККУнун кризиске реакция кылуу борборун түзүүнү карашууда. Жамааттык коопсуздук стратегиясынын терроризмге каршы туруу иштерин жакшыртуу жана кошумча чараларды көрүү боюнча чечимин, атап айтканда ЖККУформатында террористтик уюм катары таанылгандардын бирдиктүү тизмесин түзүү тууралуу жобонун долбоорун аткаруу каралды.

Мамлекет башчылар бир катар саясий билдирүүлөрү жасашы күтүлүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу