Cаясат

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
14/10 15:12
 

Төрага Чыныбай Турсунбеков КПК БКнын саясый бюросунун мүчөсү Лю Юньшань менен жолугушту

Төрага Чыныбай Турсунбеков КПК БКнын саясый бюросунун мүчөсү Лю Юньшань менен жолугушту

Бишкек, 14-октябрь /Кабар/. Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Кытай Эл Республикасынын Чунцин шаарына расмий иш сапары менен барып, “КЭРдин Коммунистик партиясынын дүйнө менен диалогу - 2016-жыл” форумуна катышышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Форумга келген бардык эл аралык делегациялардын башчыларын тосуп алып жаткан КПК БКнын саясый бюросунун мүчөсү Лю Юньшань Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен да жолугушуп, өлкөлөр ортосундагы саясий-экономикалык алакалар тууралуу баарлашышты.

Кезегинде Төрага Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 67 жылдыгы менен Лю Юньшанды куттуктап: "Кытай коммунисттик партиясынын акылман башкаруусунун аркасы менен Кытай Эл Республикасынын экономикасы бүгүнкүдөгүдөй ийгиликтерге жетишип, космосту да багынтуу менен дүйнөдө өзгөчө орунду ээлеп келет",- деди.

Ошондой эле, КЭРдин Коммунистик партиясынын дүйнө менен диалогу аталышындагы форумдун күндүн маанилүү маселелерин талкууга алган салттуу аянтчага айланганын белгилеген Чыныбай Турсунбеков: "Кыргызстан Кытай эл Республикасынын стратегиялык өнөктөшү катары КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпиндин "Бир Муун - Бир Жол" демилгесин толук колдойт. Өлкөлөрүбүздүн бир географиялык аймакта жайгашкандыгы Кытай тараптын бул демилгесин толук кандуу ишке ашырууда шериктеш болуусуна шарт түзөт" - деп билдирди.

Андан тышкары, ушул жылдын сентябрь айында Ханчжоу шаарында өткөрүлгөн "Чоң жыйырмалык" Саммитинин жемиштүү жыйынтыкталганына токтолгон Төрага: "Саммитте кабыл алынган чечимдерди ишке ашырууда "Глобалдык экономикалык башкаруудагы жаңылануулар - саясий партиялардын орду жана таасири" деген тематикада өткөрүлүп жаткан бүгүнкү форумду алгачкы ийгиликтүү кадам катары караганыбыз оң",- деди.

"Ал эми саясий партиялар коомдун ар кандай катмарынын кызыкчылыктарын коргоого алган негизги структура болот",- деген Чыныбай Турсунбеков: "Саясий партиялар жана бардык өлкөнүн саясатчылары дүйнөдөгү глобалдык жаңылануулар ар бир өлкөнүн кызыкчылыгы менен тыгыз байланышта экенин түшүнүшү керек",- деп билдирди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу