14.10.2016, 12:56

ЖККУнун тышкы саясый жана коргоо ведомстволорунун башчыларынын кеңири курамдагы жыйыны башталды

Ереван, 14-октябрь /Кабар/. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Тышкы иштер минстрлер кеңешинин, коопсуздук кеңешинин катчылар комитетинин жана коргоо министрлер кеңешинин кеңири курамдагы жыйыны башталды.

Жыйындын жыйынтыгында документтерге кол коюлат.
Андан кийин ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынынын катышуучулары ЖККУнун жамаатык коопсуздук кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Президенттик сарайга жөнөшөт.