Cаясат

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
14/10 09:33
 

Президент Алмазбек Атамбаев кечээ Грузиянын премьер-министри менен жолукту

 Президент Алмазбек Атамбаев кечээ Грузиянын премьер-министри менен жолукту

Бишкек, 14-октябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кечээ, 13-октябрда Грузияга расмий визитинин алкагында Грузия Премьер-министри Георгий Квирикашвили менен жолукту. Бул тууралуу Кыргыз Республика Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Тар чөйрөдө жолугушуудан кийин сүйлөшүүлөр кеңейтилген курамда уланды.
Грузия Премьер-министри Георгий Квирикашвили Президент Алмазбек Атамбаевди жылуу куттуктап, эки өлкө элдеринин ортосунда көп жалпылыктар бар экенин белгиледи.

«Сиздин келишиңизге мен кубанычтамын. Кыргызстан менен Грузия элдери байыркы цивилизациялардын өкүлдөрү болуп саналышат. Бизди көп нерсе байланыштырып турат, ошондуктан соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү үчүн бизде чоң потенциал бар деп ойлойм», - деп белгиледи Грузия Премьер-министри.

Жолугушуу Президент Алмазбек Атамбаевдин Грузияга расмий визити ар кыл багыттардагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө кубаттуу түрткү берет деген ишеним айтылды.

Жолугушууда Кыргызстан менен Грузия ортосунда ар түрдүү чөйрөлөрдө өз ара кызыгууну жараткан маселелер талкууланды.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу