Cаясат

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
13/10 18:24
 

Кыргызстан ЕКПАны кылмышкер К.Батыровду издеп табууга жана КРга өткөрүп берүүгө жардамдашууга чакырды

Кыргызстан ЕКПАны кылмышкер К.Батыровду издеп табууга жана КРга өткөрүп берүүгө жардамдашууга чакырды

Бишкек, 13-октябрь /Кабар/. 2016-жылдын 10-14-октябрында Страсбург шаарында (Франция) өтүп жаткан Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын (ЕКПА) күзгү сессиясына КР Жогорку Кеңешинин депутаты Сайдулла Нышанов катышууда.

Сессияда С.Нышанов саясый жана укуктук маселелер боюнча ЕКПА Комитеттеринин биргелешкен жолугушуусунда билдирүү жасады. Депутат ошондой эле, ЕКПАнын саясый маселелер боюнча Комитетинин жыйынында да чыгып сүйлөдү. Төмөндө депутаттын сөзүн кыскартуу менен беребиз.

“Кыргызстандын маанилүү тышкы саясый өнөктөшү болгон Европа Кеңеши жана Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы менен карым-катышыбызды өнүктүрүүгө зор көңүл буруп келе жатабыз. Ошондуктан учурда өлкөбүздүн коомчулугунда курч талкууга алынып келе жаткан бир маселеге сиздердин көңүлүңүздөрдү бургум келет. 19-30-сентябрда Варшавада өткөн ЕККУнун кеңешмесинде оор кылмыш жасап, издөөдө жүргөн кылмышкер Кадыржан Батыровгө сөз берилди.

Кадыржан Батыров 2010-жылы июнда этникалар ортосунда чыр-чатак уюштургандыгы, улуттук жек көрүүчүлүк менен адамдарды өлтүргөндүгү үчүн Кыргызстандын Жогорку сотунун чечими менен сыртынан өмүр боюу эркинен ажыратылган.

Мындан тышкары, 2013-жылы ири өлчөмдө алдамчылык кылгандыгы үчүн Россия Федерациясы тарабынан издөө жарыяланган. Ал эми 2004 -жылдан бери алдамчылыгы жана кызмат абалынан пайдаланып жасаган кыянаттыгы үчүн Өзбекстан тарабынан да издөөгө алынган.

Кыргыз тарап Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институт жана адам укугу боюнча бюросу (ДИАУБ) издөөдө жүргөн кылмышкерге сүйлөө аянтчасын бергендигине тынчсызданат. К.Батыров эл аралык жыйындан пайдаланып, жеке кызыкчылыгын көздөп, эл аралык коомчулукту адаштыруу аракетин көрүүдө.

Ушундан улам криминалдык элементтерге эл аралык форумдарда сөз берүүгө болбостугуна көңүлүңүздөрдү бурам жана бул кылмышкерди издеп табууга жана Кыргызстанга өткөрүп берүүгө жардамдашууга чакырам”,-деди ЖК депутаты.

Ошондой эле, ал Кыргызстан парламенттик демократия жолун тандап алган Орто-Азиядагы бирден бир өлкө экендигин, ушундан улам да анын бардык иш-аракети Европа Кеңеши жана Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы тарабынан колдоого татый тургандыгын белгиледи.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу