Cаясат

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
13/10 17:01
 

ЕККУ менен БУУнун акыркы аракеттери жана билдирүүлөрү Кыргызстандын элинин тынчтыгын бузууга багытталган – эл депутаты

Бишкек, 13-октябрь /Кабар/. ЕККУ менен БУУнун акыркы аракеттери жана билдирүүлөрү Кыргызстандын элинин тынчтыгын бузууга багытталган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине ЖК депутаты Тилектеш Исаев билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн БУУнун басма сөз кызматы КР Жогорку Кеңешинин депутаттары ЕККУнун жыйынына кытышкан укук коргоочулардын иш-аракеттерине баа берүүнү талап кылышып, аша чаап жатышат, деген билдирүү тараткан. Ошондой эле билдирүүдө өткөн жыл аралыгында мамлекеттик органдар тарабынан укук коргоочуларга карата коркутуулар көбөйгөнү белгиленген.

Депутат Т.Исаев укук коргоочулардын үйлөрүнө мыйзамсыз тинтүү жүргүзүлсө, алар сотко кайрыла алышат, сот ишти укуктук негизде чечет.
“Депутаттар өз пикирлерин айтууга укуктуу. Азимжан Аскаров да, Кадыржан Батыров да сот тарабынан күнөөлүү деп табылган. Соттун чечимине депутаттар да, укук коргоочулар да таасир эте алышпайт”,-деди эл депутаты.

Тилектеш Исаев эл аралык уюмдар биздин өлкөбүзгө карата кош стандартта мамиле жасап жаткандыгын белгиледи.
“Чакан өлкө болгонубуздан биздин республиканын пикирин тоготпой жатышат. БУУ менен ЕККУ мындай саясатын дүйнө жүзүндө 50 жылдан бери эле жүргүзүп келе жатышат”,-деп кошумчалады эл депутаты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу