Cаясат

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
13/10 16:39
 

Алмазбек Атамбаевдин Грузияга расмий иш сапарынын алкагында эки тараптуу документтерге кол коюлду

Алмазбек Атамбаевдин Грузияга расмий иш сапарынын алкагында эки тараптуу документтерге кол коюлду

Бишкек, 13-октябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Грузияга расмий визитинин алкагында эки тараптуу документтерге кол коюу аземи болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев жана Грузия Президенти Георгий Маргвелашвилинин катышуусу менен төмөнкү документтерге кол коюлду:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Грузия Өкмөтүнүн ортосундагы кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Грузия Өкмөтүнүн ортосундагы инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Грузиянын Ички иштер министрлигинин ортосунда кылмыштуулук менен күрөшүү жаатында кызматташтык жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республика Ички иштер министрлигинин академиясы менен Грузия Ички иштер министрлигинин академиясы ортосунда полициялык билим берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө меморандум;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Грузия Ички иштер министрлиги ортосундагы өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Грузиянын Билим берүү жана илим министрлигинин ортосунда Билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу