Cаясат

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
13/10 16:18
 

Президент Алмазбек Атамбаев менен Президент Георгий Маргвелашвили биргелешкен пресс-конференция өткөрдү

Президент Алмазбек Атамбаев менен Президент Георгий Маргвелашвили биргелешкен пресс-конференция өткөрдү

Бишкек, 13-октябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Грузия Президенти Георгий Маргвелашвили кеӊейтилген курамда сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча биргелешкен пресс-конференция өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы Грузияга расмий визит менен келүүгө чакыргандыгы жана жылуу күтүп алгандыгы үчүн чын дилинен ыраазылыгын билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев Грузиядагы соңку ондогон жылдардагы демократиялык кайра түзүүлөр жана жетишкен баалуулуктар өз өлкөсүнө да жакын экенин белгиледи.

«25 жылдан ашык мезгилден бери эгемен мамлекеттүүлүгүн куруп жаткан Кыргызстан эки жолу оор сыноодон намыс менен чыкты. Өткөн солкулдоолор, албетте, өлкөбүздүн өнүгүшүнө терс таасирин тийгизди. Бирок бүгүн биз президенттик-парламенттик республиканын шартында демократиялык коомубузду бекемдеп жатабыз. Ошону менен катар өлкөдө башкаруунун парламенттик системасын куруу боюнча кийинки кадамдарга камдануудабыз. Кудай буюрса, декабрда ал да болот», - деди Кыргызстан Президенти.

Ошону менен катар бүгүн эки тараптуу байланыштардын күн тартиби ар түрдүү чөйрөлөрдү камтыганын белгиледи.

«Биз өз ара экономикалык иш-аракеттерге байланышкан маселелерди талкууладык. Албетте, бүгүнкү товар жүгүртүү деңгээли бизди канааттандырбайт. Жолугушууларда ошондой эле укук коргоо органдарын реформалоодо, туристтик потенциалды өнүктүрүүдө, экспортко багытталган биргелешкен ишканаларды түзүүдө, гидроэнергетика жана башка тармактарда кызматташтыктын перспективалары талкууланды», - деген Алмазбек Атамбаев Кыргызстан мындан ары да Грузиядан көп нерсени үйрөнүүгө тийиш экенин кошумчалады.

Президенттин айтымында, сүйлөшүүлөрдө кызматташтыктын маданий-гуманитардык аспектилери өзүнчө каралды. “Мында жакшы жылыш бар. Быйыл сентябрда Ысык-Көлдө өткөн II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына грузин спортсмендеринин активдүү катышуусу жакшы мисал”, - деди Алмазбек Атамбаев.
«Бүгүн кабыл алынган чечимдер, ачык жана ишенимдүү талкуулар биздин өлкөлөр ортосундагы катнаштарды өнүктүрүүгө чоң салым кошот», - деп белгилөө менен Алмазбек Атамбаев жылуу кабыл алгандары үчүн ыраазылыгын билдирди. Мамлекет башчысы Грузия Президентин ыңгайлуу учурда Кыргыз Республикасына визит менен келүүгө чакырды.

Өз кезегинде Георгий Маргвелашвили визити үчүн Алмазбек Атамбаевге ыраазылыгын жолдоп, ал чынында эле тарыхый болгонун белгиледи.

«Кыргызстан Президенти Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдө соода-экономикалык мүнөздөгү маселелерге өзгөчө көңүл бурулду. Биз кыргыз өнөктөр менен эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө көмөкчү болгон бардык чөйрөлөрдө кызматташууга даярбыз. Евразиялык транспорттук коридордун жана Жибек жолу долбоорунун маанисине көӊүл бурдук. Ошондой эле туризм жаатында маселелерди талкууладык. Мындан тышкары бүгүн экономика, билим берүү жана коопсуздук тармактарында биздин катнаштарды өнүктүрүүгө өбөлгө боло турган бир нече келишимдерге кол койдук. Биз ошондой эле укук коргоо органдары чөйрөсүндө кызматташтыктын, ошондой эле биздин региондо тынчтыкты камсыз кылуу маселелерин карадык», - деди Георгий Маргвелашвили.

Президент Г.Маргвелашвили Кыргыз Республикасы Грузиянын ишенимдүү досу жана өнөгү болуп калганын белгиледи. «Бүгүнкү визит аны ырастайт. Бул визит биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты тереӊдетүүгө өбөлгө болот деп ишенем», - деп жыйынтыктады сөзүн Грузия лидери.

Грузия Президенти Георгий Маргвелашвили Кыргызстанга визит менен келүүгө чакыргындыгы үчүн Президент Алмазбек Атамбаеваге ыраазылыгын билдирип, чакырууну канааттануу менен кабыл аларын кошумчалады.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу