Cаясат

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
13/10 16:12
 

Кыргызстан Грузиянын аймактык бүтүндүгүн колдойт – Алмазбек Атамбаев

Кыргызстан Грузиянын аймактык бүтүндүгүн колдойт – Алмазбек Атамбаев

Тбилиси, 13-октябрь /Кабар/. “Мен Грузиянын аймактык бүтүндүгүн колдойм, бирок бардык маселелер сүйлөшүү жолу менен гана чечилиши керек деп эсептейм”,-деди Президент Алмазбек Атамбаев Грузиянын Президенти менен эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында.

“Мен дайыма бардык маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүнү сунаштап келем. Сүйлөшүү жолу менен чечүүгө мүмкүн болбогон маселе жок. Биз кечээ урматтуу Георгий Маргвелшавили менен бул теманы абдан көпкө талкууладык. Мага ишенип коюңуздар, мен 2005- 2010-жылдары 2 ирет чоң революция болгон өлкөнүн Президенти болуп саналам. Биз мунун барын басып өттүк. Аянтыбызда өлгөндөр, облустук администрацияларды басып алуулар болгон. Бирок, Москвага же Вашингтонго чалган жокпуз. Биз барын өзүбүз чечтик. Мен бардык маселелер аскердик басып кирүүсүз, сүйлөшүү жолу менен чечилиши керек экенин белгилеп кетким келет. Анткени, маселени аскердик жол менен чечүү туңгуюкка алып келет”,-деди А.Атамбаев.

Ошондой эле, ал Кыргызстан дайыма Грузиянын аймактык бүтүндүгүн колдоп келет, анткени бул ар бир мамлекеттин негизги принциби деп белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев 12-13-октябрда расмий иш сапары менен Грузияда жүрөт. Андан соң 14-октябрда А.Атамбаев Армениянын Ереван шаарында өтө турган ЖККУнун жыйынына катышат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу