Cаясат

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
13/10 16:08
 

КР Президенти: “Грузиянын тажрыйбасынан улам Кыргызстанда МКК менен Бажы кызматынын иштери оптималдаштырылды”

Тбилиси, 13-октябрь /Кабар/. Грузиянын тажрыйбасынан улам Кыргызстанда Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) менен Бажы кызматынын иштери оптималдаштырылды. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында КР Президенти Алмазбек Атамбаев Грузиянын Президенти менен жолугушуунун жыйынтыгы боюнча айтып жатып билдирди.

“Биз Грузиянын тажрыйбасынан улам бажы жыйымын 4 эсеге көбөйттүк. МКК мындан 5 жыл мурдагыга караганда 10 эсе тездик менен документтерди даярдап берүүдө. Анткени, биз Грузияга окуп-үйрөнүүгө делегацияларды кайра-кайра жөнөтүп жатабыз. Грузин тарап бизге өлкөнү кантип тартипке салуу жана реформа жүргүзүү керектигин аянбастан бөлүшүүдө”,-деди А.Атамбаев.

Бирок, мамлекет башчысы белгилегендей, Кыргызстанда бир гана министрлик грузин кесиптештерибиздин тажрыйбасын жөндөй албай койду. 5 жылдан бери ушуну менен үчүнчү Ички иштер министри эч нерсе жасай алган жок.

“Мен сизге, генерал Жунушалиев, оң жолго салуу үчүн бир жыл мөөнөт берем”,-деди Президент.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу