Cаясат

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
13/10 15:41
 

Алмазбек Атамбаев: “Кыргызстан менен Грузия бардык маселелер боюнча бир пикирге келишти”

 Алмазбек Атамбаев: “Кыргызстан менен Грузия бардык маселелер боюнча бир пикирге келишти”

Тбилиси, 13-октябрь /Кабар/. Кыргызстан менен Грузия бардык маселелер боюнча бир пикирге келишти. Бул тууралуу бүгүн Грузиянын Президенти Георгий Маргвелашвили менен эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев билдирди.

“Бүгүн эки тараптуу жолугушуунун алкагында бардык маселелер каралды. Биз аларды ачык талкууладык жана урматтуу Георгий Маргвелашвили менен түшүнүштүк. Ошондой эл, соода-экономикалык мүнөздөгү, укук коргоо органдарын реформалоо, туризм, экспорт, гидроэнергетика жана башка маселелер дагы көңүл сыртында калган жок. Жолугушуунун жүрүшүндө бул багыттарда конструктивдүү чаралар талкууланды”,-деди А.Атамбаев.

Мамлекет башчысынын айтымында, кыргыздар грузиндерден көп нерсени үйрөндү, дагы көп нерселерде үйрөнүүбүз керек, анын ичинде маданий бөлүгү дагы бар. “Бул жылы 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрдүк, Грузиядан келген делегация көп медаль жеңип алды. Кудай буйруса бул сүйлөшүүлөр келечекте өзүнүн жемишин берет”,-деди Кыргызстандын Президенти.

Президент Алмазбек Атамбаев 12-13-октябрда расмий иш сапары менен Грузияда жүрөт. Андан соң 14-октябрда А.Атамбаев Армениянын Ереван шаарында өтө турган ЖККУнун жыйынына катышат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу