Cаясат

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
13/10 15:38
 

“Алмазбек Атамбаев: “Кыргызстан декабрда парламентаризм тарапка чоң кадам жасайт”

Тбилиси, 13-октябрь /Кабар/. Кыргызстан декабрда парламентаризм тарапка чоң кадам жасайт. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында КР Президенти Алмазбек Атамбаев билдирди.

Анын айтымында, Грузияда буга чейин өткөн демократиялык реформалар Кыргызстанга тааныш. Кыргыз эли 25 жыл аралыгында өтө оор эки революцияны башынан өткөрдү.

“Албетте ал окуялар мамлекетибиздин өнүгүшүнө тескери таасирин тийгизди. Башыбыздан өткөн оор окуяларга карабай биз өнүгүп жатабыз. Азыр Кыргызстанда парламенттик система өкүм сүрүүдө. Биз президенттик-парламенттик системадан парламенттик системага өтүүгө чоң кадам жасоо үчүн даярданып жатабыз. Кудай буюрса, бул декабрда ишке ашат”,-деди А.Атамбаев.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу