Cаясат

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
13/10 15:18
 

Германиянын Айыл чарба жана азык-түлүк федералдык министри Кыргызстанга келет

Бишкек, 13-октябрь /Кабар/. 15-16-октябрда Германиянын Айыл чарба жана азык-түлүк федералдык министри Кристиан Шмидт Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Кыргызстандагы Германия элчилигинен билдирди.

Иш сапарынын программасында КР Президенти Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана Айыл чарба министри Турдуназир Бекбоев менен жолугушуу планы камтылган. Федералдык министрди расмий кызматкерлерден тышкары айыл чарба тармагына адистешкен бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү коштоп жүрүшөт. Алар жергиликтүү ишкерлер жана айыл чарба адистери менен жолугушат.

Ошондой эле, делегация Кыргызстанда иш жүргүзүшкөн герман фонддору жана уюмдары менен жолугушуу өткөрүшөт. Иш сапардын максаты – кызматташуунун жаңы перспективаларын белгилөө жана Кыргызстандын айыл чарба жана азык-түлүк тармагынын ал-абалы менен таанышуу болуп саналат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу