Cаясат

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
13/10 13:34
 

Конституцияга ылайык депутаттар референдум аркылуу башмыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелөө укугуна ээ – юрист

 Конституцияга ылайык депутаттар референдум аркылуу башмыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелөө укугуна ээ – юрист

Бишкек, 13-октябрь /Кабар/. Конституцияга мораторий 2 конкреттүү учурда гана киргизилет: депутаттар эч кимге кайрылбастан демилгелегенде жана элдер сунушка каршы чыгышканда. Бул тууралуу бүгүн Чүй университетиндеги тегерек столдо юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев билдрди.

Ал азыркы учурда депутаттар Конституцияда тыюу салынбаган ыкманы колдонушту деп белгиледи. “Автору ким деген маселеге келсек, мен юридикалык көз караштан алып караганда демилгечилер депутаттар, демилгечилерди колдогон 87 депутат болуп саналарын айткым келет. Ошондой эле, башында эле Жогорку Кеңештин сайтында илинип турган Конституция долбоору өзгөрүүлөргө учурады. Бул социалдык тармактардагы сын-пикирден кийин болду. Атап айтканда, мен жеке судьяларды тымызын угуу жана Конституциялык палата президент жана Жогорку Кеңеш менен макулдашкандан кийин өзүнүн чечимин чыгарышы мүмкүн дегендер каралган пункттарга каршы болчумун. Анткени, бул сот тутумунун көз карандысыздыгына түздөн-түз каршы келет. Азыр талкуудан кийин толуктоолор киргизиле турган 26 гана берене калгандыгы мени кубардырат”,-деди К.Осмоналиев.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу