Cаясат

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
13/10 12:50
 

Конституция долбоорунун автору ким экени эмес, ага эмне сунушталып жатканы маанилүү – Бакыт Бакетаев

Бишкек, 13-октябрь /Кабар/. Конституция долбоорунун автору ким экени эмес, ага кандай өзгөртүүлөр киргизилип жатканы маанилүү. Мындай пикирин тегерек столдун жүрүшүндө саясат таануучу Бакыт Бакетаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн бир катар саясатчылар Конституцияга өзгөртүү киргизүү долбоорунун автору ким экенин аныктоого аракет кылып жатышат.

“Кандай айырмасы бар? Мына, мисалы, Японияда эч ким Конституциянын автору ким экенин айтпайт. Балким кимдир бирөө ийне-жибине чейин окуп, аныктап алышы мүмкүн, бирок ал жакта адамдар кыйла жакшы жашашат. Японияда Башмыйзамдын автору ким экени белгисиз болсо да социалдык маселелер чечилген. 1945-жылдан бери Конституцияга эч ким тийбейт, аны 2 офицер жазган. Иш фамилияда эмес, анын энтропиясын, Башмыйзамдын принцибин жана духун караш керек. Азыр премьер-министрдин ыйгарым укуктары аз. Биз аз-аздан кадамдап, башкы башатыбызга бара жатабыз. Бул кадамды токтотсок, анда андан калып калабыз”,-деди Б.Бакетаев.

Мындан тышкары, ал өлкөдө дискуссиялар активдүү жүрүп жатканын белгиледи.

“Азыр коом реформаторлор, консерваторлор жана кимиси утат болду экен деп күтүп жаткандар болуп 3 кө бөлүнүп кетти. Консерваторлор дагы керек. Англияда алар 200 жылдан бери бийликте отурат”,-деп кошумчалады саясат таануучу.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу