Cаясат

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
13/10 12:24
 

Бакыт Бакетаев: "Мурунку Конституцияны Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн достору жана тааныштары жазышкан"

Бакыт Бакетаев: "Мурунку Конституцияны Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн достору жана тааныштары жазышкан"

Бишкек, 13-октябрь /Кабар/. Конституцияга өзгөртүү киргизүү Кыргызстанды түпкү башатына - парламентаризмге же курултай системасына багыттайт. Бул тууралуу тегерек столдо саясат таануучу Бакыт Бакетаев билдирди.

Анын айтымында, тарыхта биз кыргыздарда монархия болбогонун көрүп жатабыз.
“Бизге монархиялык башкаруу бөтөн болгон элбиз. Мен биз сыяктуу өлкөгө парламенттик система туура келет деп эсептейм. Ал эми АКШ жана Россия сыяктуу өлкөлөргө президенттин башкаруу ылайыктуу”,-деди ал.

Мындан тышкары, саясат таануучу 2010-жылы Конституциянын долбоорун ким жазганы түшүнүксүз экенин билдирди.

“Мен Башмыйзамды жазгандай сиздер кимсиздер деп бир нече жолу сурагам. Конституциялык кеңешмелерде Текебаев, Бекназаров жана Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрүнүн достору, тааныштары болгону көрүнүп эле турган. Роза Отунбаева кандайча президент болуп калганы түшүнүксүз. Референдум жүргүзүп жатканда анын атын эч ким жазган эмес. Мен эртең менен туруп эле Р.Отунбанванын мамлекет башчысы болуп калганын билгем. Ошондо Ожеговдун сөздүгүн ачып, президенттин аныктамасын окугам. Мындан башка дагы көптөгөн суроолор пайда болгон”,-деп белгиледи Б.Бакетаев.

Ошондой эле, ал 2010-жылдагы Конституциянын жалгыз оң жагы ал бизге парламентаризм багытын бергени болуп саналат деп белгиледи.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу