Cаясат

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
13/10 11:37
 

Кыргызстандын делегациясы Нью-Йорк шаарында БУУнун жетекчилиги менен бир катар жолугушууларды өткөрдү

Кыргызстандын делегациясы Нью-Йорк шаарында БУУнун жетекчилиги менен бир катар жолугушууларды өткөрдү

Бишкек, 13-октябрь /Кабар/. Иш сапардын алкагында КРнын Президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басары Мира Карыбаева башында турган делегация БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында БУУнун башкы катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Джефри Фелтман жана БУУнун башкы катчысынын саясий маселелер боюнча жардамчысы Мирослав Енчей менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө БУУнун жетекчилигине өлкөдөгү актуалдуу ички саясий кырдаал жана Кыргызстанда демократиялык реформаларды алдыга жылдыруу боюнча мындан аркы кадамдар тууралуу маалымат берилди. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Ошондой эле, БУУӨПнын зордукчул экстремизмди алдын алуу боюнча глобалдуу программасынын жетекчиси Александр Зуев менен сүйлөшүүлөр болду. КРнын бул жаңы программа менен кызматташтыгынын башталышы тууралуу болжолдуу макулдашуу жетишилди.

Кыргызстандын делегациясы БУУнун жетекчили жана агенттиктердин эксперттери менен кеңири жолугушууга катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө М.Карыбаева Кыргызстанда тынчтык орнотуунун практикалык тажрыйбасы менен бөлүшүп, КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин жетекчилиги астында өлкөдө жүргүзүлүп жаткан демократиялык реформалар тууралуу айтып берди.

Иш-чара БУУнун туруктуу тынчтык орнотуу, радикализмди алдын алуу жана зордукчул экстремизм маселелерине адистештен эксперттеринин кызыгуусун жаратты. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар БУУнун демократташтыруу жана туруктуу өнүктүрүү боюнча программасын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн өлкөнүн жетекчилигинин саясий эркинин маанилүүлүгүн айтышып, Кыргызстандын ийгиликтүү тажрыйбасын белгишети.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу