Cаясат

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
13/10 10:07
 

Төрага Чыныбай Турсунбеков башында турган кыргыз парламентинин делегациясы Кытай Эл Республикасына жөнөп кетти

Төрага Чыныбай Турсунбеков башында турган кыргыз парламентинин делегациясы Кытай Эл Республикасына жөнөп кетти

Бишкек, 13-октябрь /Кабар/. Төрага Чыныбай Турсунбеков башында турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы бүгүн, 13-октябрда “КЭРдин Коммунистик партиясынын дүйнө менен диалогу - 2016-жыл” форумуна катышуу үчүн Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Чунцин шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган жумушчу сапардын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин Төрагасы шамал энергетикасы үчүн жабдууларды өндүрүүчү “Хайчжуан” компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышат. Ошондой эле Чыныбай Турсунбеков жогоруда белгиленген форумдун алкагында бир катар жолугушууларды өткөрөт. Маселен, Монголиянын Мамлекеттик Улуу Хуралынын (парламент) Төрагасы М. Энхболд жана КПК БКнын саясый бюросунун мүчөсү Лю Юньшан менен жолугушмакчы. Мындан сырткары, Чунцин шаарынын мэри Хуан Цифан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Делегация курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Осмонбек Артыкбаев жана Аида Исмаилова бар.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу