Cаясат

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
13/10 09:19
 

Президент Алмазбек Атамбаев Грузия Президенти Георгий Маргвелашвили менен жолукту

Президент Алмазбек Атамбаев Грузия Президенти Георгий Маргвелашвили менен жолукту

Бишкек, 13-октябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 12-октябрда Грузияга расмий иш сапарынын алкагында Грузия Президенти Георгий Маргвелашвили менен жолукту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаевди Президенттик сарай алдынан Грузия Президенти Георгий Маргвелашвили тосуп алды. Мамлекет башчылары көрүшүп, учурашкандан кийин Кыргыз Республикысынын жана Грузиянын мамлекеттик гимндери аткарылды.

Андан кийин Президент Алмазбек Атамбаев менен Президент Георгий Маргвелашвили Ардактуу кароолдун ротасын кыдырып өтүштү.

Расмий жолугушуу аземинен кийин мамлекет башчылары тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Грузия Президенти Георгий Маргвелашвили Президент Алмазбек Атамбаевди жылуу куттуктап, кыргыз лидеринин көптөн бери күтүлгөн Грузияга биринчи расмий визитине кубанып турганын белгиледи.

Тараптар бул визит бардык чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу эки тараптуу мамилелердин мындан ары өнүгүшүнө түрткү берерине ишенерин билдиришти.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-грузин кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды.

Расмий иш сапардын алкагында бүгүн эки мамлекет башчыларынын кеӊейтилген курамда сүйлөшүүлөрү өтөт. Иш сапардын жыйынтыгы боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлуп, мамлекет башчылары биргелешкен пресс-конференция беришет.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу