Cаясат

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
12/10 15:59
 

Философия илимдеринин доктору Кусеин Исаев: «Оппозициянын бардык айыптоосу далилсиз, аргументсиз»

Философия илимдеринин доктору Кусеин Исаев: «Оппозициянын бардык айыптоосу далилсиз, аргументсиз»

Бишкек, 12-октябрь /Кабар/. Конституцияга өзгөртүү киргизүү зарыл, бирок өзгөртүү киргизүүдө бул маселени кеңири караш керек. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында философия илимдеринин доктору Кусеин Исаев билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттин көз карандысыздыгынын тарыхында 8 конституциялык реформа болду. “Мен Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл деп ойлойм. Бирок, бул маселе кеңири каралыш керек”,-деди ал.

Мындан тышкары, К.Исаев ар бир демократиялык мамлекетте жалпы кабыл алынган мыйзамдын алкагында иш алып барган оппозиция болуш керек деп белгиледи. “Бирок, бүгүн биз оппозициянын бардык айыптары далилсиз жана аргументтүү эмес экенин көрүп жатабыз”,-деп кошумчалады К.Исаев.

Ал арада тарых илимдеринин доктору Дөөлөт Сапаралиевдин айтымында, Конституция – бул тирүү организм, ал өнүгүп, жаңы талаптарга ылайыкташы керек. “2010-жылы Конституция чындыгында эле катаал учурда жазылган. Анда эл ошол абалга макул болушкан. Бирок, андан бери мезгил өзгөрдү. Мен эгер толуктоо киргизилсе, анда ал косметикалык болбошу керек эсептейм. Башкача айтканда, президенттин ыйгарым укуктарын кыскартуу жолу менен премьер-министрдин ыйгарым укуктарын күчөтүүгө гана тиешелүү болбошу шарт”,-деди ал.

Ошондой эле, Д.Сапаралиев бийлик менен оппозициянын ортосундагы карама-каршылыктар компромисске келүү менен аякташы керек деп билдирди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу