Cаясат

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
11/10 18:09
 

Президент Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Грузияга жана Арменияга барат

Президент Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Грузияга жана Арменияга барат

Бишкек, 11-октябрь /Кабар/. 2016-жылдын 12-13-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев расмий визит менен Грузияга барат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Визиттин алкагында Президент Алмазбек Атамбаев Грузия Президенти Георгий Маргвелашвили менен жолугат.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү, соода-экономикалык, инвестициялык жана гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланат. Расмий визиттин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюу болжолдонууда.

Андан ары 13-14-октябрда Президент Алмазбек Атамбаев жумушчу сапар менен Арменияга барып, Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун (ЖККУ) Кеңешинин кезектеги отурумуна катышат.

ЖККУга мүчө-мамлекеттердин, Армениянын, Беларустун, Россиянын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын башчылары олуттуу эл аралык жана регионалдык проблемаларды, учурдун чакырыктары менен коркунучтарына каршы жамаатташып аракеттенүү чараларын талкуулашат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу