Cаясат

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
11/10 16:54
 

БУУда Кыргызстандын тынчтыкты орнотуудагы ийгиликтерин талкуулашты

БУУда Кыргызстандын тынчтыкты орнотуудагы ийгиликтерин талкуулашты

Бишкек, 11-октябрь /Кабар/. Кыргызстандын делегациясы жакында КР Президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басары Мира Карыбаеванын башчылыгында Нью-Йорк шаарында БУУнун тынчтыкты орнотуу боюнча комиссиясынын жыйынына катышты.

Кыргызстан менен БУУнун Тынчтыкты орнотуу фондунун кызматташтыгы 2010-жылы башталган. КР Президенти А.Атамбаевдин өтүнүчү менен 2012-жылы фонддун жетекчилиги тарабынан программанын 2-фазасына кошумча каражат бөлүү чечими кабыл алынган.

Фонддун ишмердиги Туруктуу өнүгүү улуттук стратегиясын ишке ашырууга көмөктөшүү, улуттар аралык ынтымакты бекемдөө боюнча КР мамлекеттик органдарынын ишин күчтөндүрүүгө багытталган.
Иш Бирдиктүү жетекчилик комитеттин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө. Алардын мониторингдик тобу 100дөн ашык жергиликтүү шериктештикти камтыган аймактарда ресурстарды ишке чегерүүнүн жүрүшүнө байкоо салышууда.

Чыр-чатактан кийин калыбына келтирүү процессин уюштуруу боюнча Кыргызстандын тажрыйбасы БУУнун тынчтыкты орнотуу Фондунун тарыхында эң ийгиликтүү деп табылды. Кореянын, Европа биримдигинин, Жапониянын, Казакстандын, Россия Федерациясынын, Бангладештин, Бразилиянын, Щвециянын жана башка өлкөлөрдүн делегациялары Кыргызстандын ийгиликтүү тажрыйбасын белгилешип, өлкөдөгү демократиялык кайра курууларга, бекем тынчтыкты орнотуу аракетине колдоо көрсөтүштү.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу