Cаясат

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
07/10 17:26
 

Иса Өмүркулов: “Конституцияга толуктоо киргизүүдө А.Атамбаев тууралуу бир дагы сөз жок”

Иса Өмүркулов: “Конституцияга толуктоо киргизүүдө А.Атамбаев тууралуу бир дагы сөз жок”

Бишкек, 7-октябрь /Кабар/. Конституцияга толуктоолорду киргизүүдө Президент Алмазбек Атамбаев жөнүндө бир дагы сөз жок, аны жөн жерден барына күнөөлөй берүүгө болбойт. Бул тууралуу бүгүн КСДП фракциясынын лидери референдумду белгилөө тууралуу мыйзам долбоору каралып жаткан парламенттик угуунун жүрүшүндө билдирди.

“Кесиптештеримдин жана башка катышуучулардын жогоруда айткан сөздөрү мени таң калтырды. Алардын бары кызуу кандуулукка алдырып, уурулар, улутчулдук жөнүндө айтышып, барына Алмазбек Атамбаевди күнөөлөп жатышат. Бир дагы беренеге мамлекет башчысынын президенттин мөөнөтүн узартуу тууралуу толуктоолор киргизилген жок. Президент бул толуктоолор бийликтин бардык бутактарында тең салмактуулукту сактоосун орнотсо, бардык тармакта реформа болсо деген эле ниетте. Президентибиз бир жылдан кийин президенттиктен кетет, президент бийликти узурпациялоого аракет кылууда деп айтуу таптакыр туура эмес”,-деди Иса Өмүркулов.

КСДП фракциясынын лидери президентти улутчулдукка айыптоо туура эмес деп билдирди. Ошондой эле, эл аралык уюмдар өлкөнүн ички иштерине кийлигишкени дагы туура эмес. Эгер А.Аскаров менен К.Батыровдор күнөөлүү болсо, анда мыйзамга ылайык жооп бериши керек. “Мен бейөкмөт уюмдар өлкөнүн саясатына аралашканы туура эмес деп эсептейм. Алар Конституцияга тиешеси жок. Башмыйзамга толуктоо киргизүүнү демилгелөөдө эч кандай норма жана жобо бузулган жок. Бул толуктоолор мамлекеттүүлүк, көз карандысыздык, туруктуулук, бийликтин бардык бутактарынын ортосундагы тең салмактуулукту сактоого багытталган”,-деди И.Өмүркулов.

“Бул мыйзам долбоору сайтта бир айдан ашык илинип турду, бир дагы сунуш түшкөн жок. Ал эми бул жерде бир катар мыйзам бузуулар жөнүндө айтып жатасыздар. Мен бардык катышуучуларды шоу жасабай, конструктивдүү сунуштарды берүүгө чакырып кетким келет”,-деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу