Cаясат

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
07/10 16:42
 

Кыргызстан менен Швейцариянын жана БУУнун түзүмдүк мекемелеринин ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланды

 Кыргызстан менен Швейцариянын жана БУУнун түзүмдүк мекемелеринин ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланды

Бишкек, 7-октябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 7-октябрда Швейцариянын Кыргызстандагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Рене Холенштайн менен БУУнун туруктуу координатору, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Александр Аванесовду кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеъештин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Кыргызстан менен Швейцариянын жана БУУнун түзүмдүк мекемелеринин ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланды. Төрага Чыныбай Турсунбеков: "Кыргыз тарап БУУнун Өнүктүрүү программасы сыяктуу БУУ менен болгон бардык кызматташтыкты колдойт жана Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги менен ар тараптуу алаканы арттырууга кызыктар",- деди.

Өз кезегинде Швейцариянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Рене Холенштайн швейцария тарап да эки мамлекет ортосундагы өнөктөштүктү кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.Ошондой эле элчи Төраганы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылга чейинки Өнүгүү стратегиясынын кабыл алынгандыгы менен куттуктап, аталган Стратегиянын ишке ашырылышын колдоо иретинде Швейцариянын демилгеси менен он жылга ылайыкташтырылып, иштелип чыккан жаңы программа тууралуу маалымат берди. Ошондой эле Рене Холенштайн: "Швейцария Стратегияны иликтөө менен катар кайсы багыттарда техникалык колдоо керектигин аныктап жатат",- деди.

Мындан тышкары, жолугушууда тараптар 14-октябрда боло турган Швейцария кызматташтык жана өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан демилгеленип, Кыргызстан бийлигинин ачык айкындуулугун аныктоо максатында жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгын тааныштыруу үчүн өткөрүлүүчү иш-чара тууралуу пикир алмашышты.

Ал эми Александр Аванесов Швейцариянын Программасы Кыргызстандагы парламенттик демократияны колдоого жана жарандардын мыйзам чыгаруу ишине активдүү катышуусун жогорулатууга багытталганын белгилеп: "Программанын бирден-бир башкы элементи мамлекеттик мекемелердин элгеболгон ачык-айкындуулугун камсыздоо",- деп билдирди.

Андан сырткары, жолугушуунун катышуучулары Төрагага Жогорку Кеңештин тармактык комитеттери менен жарандык коомдун тыгыз кызматташуусун камсыздоочу Жарандык демилгелер фонду түзүлөрүн маалымдашты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу