Cаясат

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
07/10 15:11
 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ГФР Бундестагынын депутаты Хартмут Кошик менен жолугушту

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ГФР Бундестагынын депутаты Хартмут Кошик менен жолугушту

Бишкек, 7-октябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-октябрда Бундестаг депутаты, кыргыз-герман өкмөт аралык комиссиясынын теңтөрагасы, Германия Федеративдик өкмөтүнүн келгиндер жана улуттук азчылыктар иши боюнча ыйгарым өкүлү Хартмут Кошик жетектеген Германия Федеративдик Республикасынын делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков делегация мүчөлөрү менен саламдашууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кыргыз-герман эки тараптуу мамилелерин өнүктүрүү маселелерине чоң маани берээрин белгиледи. «Германия экономика жаатындагы долбоорлорду ишке ашырууда биздин өлкөбүздүн негизги өнөктөрүнүн бири болуп саналат, ошол эле учурда Европа биримдиги менен кызматташууда Кыргызстан үчүн Европага “терезе” катары маанилүү өлкө катары саналат», - деп белгиледи Өкмөт башчы. Ал кошумчалагандай, парламенттик демократияны куруудагы германиялык тажрыйба дагы Кыргызстан үчүн жагымдуу эсептелет.

ГФР Бундестагынын депутаты Хартмут Кошик Өкмөт башчыга жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, мамлекеттер аралык ырааттуу байланыш жогорку саясый деңгээлде гана эмес, экономика, маданият, билим берүү жана башка тармактарда да түзүлгөндүгүн белгиледи.

Ал эки өлкөнүн кичи жана орто бизнес өкүлдөрү ортосундагы ийгиликтүү өз-ара аракеттешүүнүн мисалы катары Бишкектеги чипсы чыгаруучу «Кирби» ишканасын атады. Инвестицияларды тартуу темасын улантууда Бундестаг депутаты Хартмут Кошик белгилегендей, германиялык бизнес-чөйрө үчүн Кыргызстандын энергетикасы, тактап айтканда, кичи ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлор жагымдуу тармак катары саналат. Ал аталган тармакка инвестиция тартуу максатында Германияда Кыргызстандын энергетикалык мүмкүндүгү тууралуу маалыматтык кампания өткөрүү мүмкүндүгүн четке какпайт.

Хартмут Кошик Кыргызстанда жаштардын немец тилине карата кызыгуусун канааттануу менен белгиледи. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасында этникалык немецтердин болуусу да анын көңүлүнүн сыртында калган жок. Ал белгилегендей, адамдык фактор, тактап айтканда, Кыргызстанда жашаган этникалык немецтер жана Кыргызстандан көчүп келген немецтер эки өлкө ортосундагы достук мамилелердин чыңдалышына карай бекем көпүрө болуп саналат.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда 80 ашуун улуттун өкүлдөрү тынчтыкта жана ынтымакта жашап жаткандыгын жана немец улуту да кыргыз коомунун ажырагыс бөлүгү катары өлкө өнүгүүсүнө өз салым кошуп жаткандыгын билдирди.

Өкмөт башчы экономикалык кызматташтык маселесине тийиштүү билдиргендей, аны өнүктүрүүнүн зор мүмкүндүктөрү бар. «Кыргызстан ЖЖТ+ ЕБ макамдарына ээ болуу менен алдыда товарларды Европага, анын ичинде, Германияга экспорттоо мүмкүндүгү пайда болууда», - деди Сооронбай Жээнбеков. Премьер-министр герман тараптын катышуусунда Кыргызстанда бир катар борборлордун жана институтттардын натыйжалуу иш алып баруусун эске алуу менен германдык үлгү боюнча “Германия экономикасынын үйү”, “Жогорку техникалык мектеп”, ошондой эле “Жашыл технологиялар фонду” түзүлүшүнө басым жасады.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу