Cаясат

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
06/10 10:47
 

ТИМ башчысы Европа биримдигинин өкүлү менен тышкы саясат жана коопсуздук маселелерин талкуулады

Бишкек, 6-октябрь /Кабар/. Жакында Ооганстан боюнча Брюссель жыйынына катышуу алкагында КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Евразия биримдигинин (ЕБ) тышкы саясат жана коопсуздук маселелери боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар КР менен ЕБнын ортосундагы кызматташтыктын ички жана региондук актуалдуу маселелерин жана мындан аркы карым-катышты талкуулашты. Атап айтканда,ЕБнын колдоосунда КРда шайлоо системасын модернизациялоо, КР Башмыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча алдыдагы референдум, Бишкекте ЕККУ борборун жана кеңсесинин долбоордук-программалык ишмердигин кайра түзүү маселелери каралды.

Министр Э.Абдылдаев Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институт жана адам укугу боюнча бюросунда (ДИАУБ) К.Батыров сыяктуу кылмышкерлерге сүйлөө аянтчасын берүү таптакыр туура эместигин билдирди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу