Cаясат

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
05/10 17:49
 

Мухамметкалый Абулгазиев: Кооператив түзүүдө биринчи кезекте анын курамына кирген ар бир дыйкандын кызыкчылыгы эске алынат

Бишкек, 5- октябрь /Кабар/. Кооператив түзүүдө биринчи кезекте анын курамына кирген ар бир дыйкандын кызыкчылыгы эске алынат. Мындай пикирин Кыргыз Республикасынын Биринчи-вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев кооператив түзүү боюнча жумушчу топтун кезектеги жыйынында билдирди. Бул тууралуу Өкмөтттүн басма сөз кызматы маалымдады.


Жыйында Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен Кыргыз Республикасынын экономика министрлиги айыл чарба кооперативдик кыймылын өнүктүрүү концепциясынын долбоорун сунушташты.


«Кооператив түзүүдө дыйкандардын, ишкерлердин кызыкчылыгы биринчи орунда болушу керек. Кооператив түзүүдө эч кимди мажбурлап курамга киргизүү деген болбойт. Айыл чарба тармагындагы берилип жаткан жеңилдетилген насыяларды кооператив түзгөндөргө 5 % га чейин түшүрүү маселесин карап, бажы, салык, кошумча төлөм сыяктуу бардык каржылык жактарын жакшылап эсептеп чыгыш керек»,- деди Мухамметкалый Абулгазиев.


Эске салсак, Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 2016-жылдын 6-сентябрында айыл чарба кооперативдик кыймылынын өнүктүрүү концепциясын түзүү боюнча тапшырма берген. Анын негизинде жумушчу топ концепциянын долбоорун этабы менен талкуу өткөрүүдө.
Концепциянын башкы максаты – айыл чарба өндүрүшүнүн эффективдүүлүгүн жана агро-өндүрүш комплексинин продукцияларынын атандаштыкка жарамдуулугун жогорулатууга, азык түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган айыл чарба кооперативдик системасын өнүктүрүү болуп саналат.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу