Cаясат

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
05/10 14:41
 

Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү мектептердин курулушу маселеси боюнча жумушчу жыйын өткөрдү

 Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү мектептердин курулушу маселеси боюнча жумушчу жыйын өткөрдү

Бишкек, 5-октябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-октябрда, өлкөдөгү мектептердин курулушу маселеси боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетов маалымдагандай, 2016-жылга республика боюнча 80 мектептин курулушу пландаштырылган. Анын ичинен 2016-жылдын 1-октябрына карата 20 объект ишке берилген, ал эми 60 мектептин курулушу жыйынтыкталууда жана алар баскыч-баскычы менен ишке берилмекчи – октябрда – 21 объект, ноябрда – 25 жана декабрда 14 объект ишке киргизилет. «Натыйжада мектепке муктаж болгон аймактардын маселеси чечилет», – деп белгиледи Турдубек Мамбетов.


Финансы министринин орун басары Улукбек Кармышаков билдиргендей, калган 60 мектептин курулушун жыйынтыктоого 473 млн сом каралган, анын ичинен 398 млн сому үстүбүздөгү айда бөлүнөт.
Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бардык курулуш иштерин жогорку деңгээлде жана мектептердин курулушун көрсөтүлгөн мөөнөттө бүтүрүүнү талап кылды. Финансы министрлигине бардык керектүү каражатты убагында бөлүүнү тапшырды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын алдына курулган объекттерди экплуатациялоодо алардын сапатына өзгөчө көңүл буруу тапшырмасын койду.


Архитектура курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине келерки жылдын планын түзүүдө өзгөчө аймактардагы талаптарга көңүл буруп, курулуш иштери аягына чыкпай калган объекттерге басым жасоону тапшырды.
Жыйынга Архитектура курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Канат Муратбеков, Финансы министринин орун басары Улукбек Кармышаков жана Билим берүү жана илим министринин статс-катчысы Калысбек Шадыхановдор катышты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу