Cаясат

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
05/10 12:08
 

Президент Алмазбек Атамбаев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алды

Бишкек, 5-октябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 5-октябрда өлкөнүн ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Мамлекет башчысы коомдук жана укук тартибин камсыз кылуу, ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат алды.


Кашкар Жунушалиев ички иштер органдарынын ишмердигинин натыйжалуулугун арттыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу баяндап, милиция кызматкерлери үчүн турак жайдын курулушунун жүрүшү жөнүндө маалымат берди.


Президент Алмазбек Атамбаев ички иштер органдары кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иштерге, анын ичинде өлкөдө жол-транспорт кырсыктарынын санын кыскартууга жана болтурбоого өзгөчө көңүл буруусу зарыл экендигин баса белгиледи.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу