Cаясат

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
04/10 17:54
 

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы байкалып жаткан жакшыруулар эки тараптуу мамилелерде “жеңилдөө” жүрүп жаткандыгынын көрсөткүчү – эл аралык иштер боюнча эксперт

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы байкалып жаткан жакшыруулар эки тараптуу мамилелерде “жеңилдөө” жүрүп жаткандыгынын көрсөткүчү – эл аралык иштер боюнча эксперт

Бишкек, 4-октябрь /Кабар/. Өзбекстандын эки тараптуу мамилелерди жолго сала башташы, бул өлкө тышкы маселелерде бир катар өзгөрүүлөргө бара тургандыгынын көрсөткүчү. Мындай пикири менен эл аралык иштер жана конфликтология боюнча эксперт, саясат таануучу Эдил Осмонбетов бөлүштү.

“Мурунку жетекчиликтин убагында 25 жыл аралыгында биздин мамилебиз кандай болгондугун эске алуу менен жакындагы Кыргызстандын делегациясынын өзбек тараптын чакыруусу боюнча барып келиши өз ара мамилелердин жакшыруусунун белгилери болуп саналат. Албетте, азыр жыйынтык чыгарууга эртелик кылат. Мындан ары кандай болгон күндө да кадимки чыгыштагыдай жакшы кабыл алуу, келечек оң болот го дегенди айтып тургансыйт”,-деп белгилейт саясат таануучу.

“Өзбекстан Президентинин милдетин аткаруучу жаңы саясий жана геосаясий кырдаалда калды, ага эң башкысы коңшу өлкөдө саясий аброюн арттыруу керек. Ал И.Каримовдун мурасын толук бойдон пайдалана албайт, анткени ал башка замандын кишиси. Өзбекстандын Президентинин милдетин аткаруучу ишинин башында коңшу өлкөлөр менен мамилени оңдоого киришиши таңкалычтуу. Эске сала кетсек, ал өзүнүн биринчи сөзүндө ушул тууралуу айткан болчу”,-деп белгилейт эксперт.

Э.Осмонбетов Өзбекстандын Түркмөнстан менен мамилеси жакшы экенин, бирок Кыргызстан, Тажикстан, ошондой эле Казакстан менен да айрым карама-каршылыктары болгонун билдирди.

“Ошондуктан мамиленин оңолушу албетте, бардыгы үчүн жакшы. Кошуна менен ынтымакта жашаш керек. Эгерде эки тараптуу мамилени кайра түзүү ишке ашса, анда келечекте көптөгөн маселелерди – чек ара маселелерин жана гидроэлектростанцияларды курууну чечүүгө болот. Бул бардык тараптарга пайдалуу”,-деп кошумчалады ал.

Эксперттин сөзүнө караганда, Кыргызстан жана Тажикстан менен мамилелерди жакшыртуу уникалдуу абал болуп эсептелет, анткени Өзбекстандын Президентинин милдетин аткаруучу жаңы киши, ал жаңы иштерди жасамакчы.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу