Cаясат

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
04/10 16:49
 

Депутат Анвар Артыков: “Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелер жакшырууда”

Депутат Анвар Артыков: “Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелер жакшырууда”

Бишкек, 4-октябрь /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелер жакшыруу жолуна түштү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты (КСДП) Анвар Артыков билдирди.

Ал премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен Өзбекстандын Президенти Ислам Каримовдун тажиясында болгондо премьер-министрдин кызматын аркалап турган Шавкат Мирзиеев аларды өтө жылуу кабыл алганы тууралуу айтты.

“Ал ошондо эле эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди жакшыртуу керектиги тууралуу билдирген болчу. Ошондуктан, мен мамилелер жакшырат деген ишенимдемин. Муну алардын Кыргызстандан 1-вице-премьер-министри башында турган чоң делегацияны чакырышканы тастыктап турат”,-дейт эл өкүлү.

Ошондой эле, А.Артыков чек ара маселелери кандай өнүгө тургандыгын мындайча баяндады: “Ар бир мамлекеттин өзүнүн улуттук кызыкчылыгы бар. Алар аны коргойт. И.Каримовдун тажиясына баргандагы жолугушууда Ш.Мирзиеев бул маселени өзү көтөрдү. Ал бул көйгөй өзү үчүн оор жүк болуп турганын айткан. Өзбекстандын премьер-министри компромисске баруу ниетин билдирген. Ошондуктан, талаш чек ара аймактары туруксуздуктун элементи болуп калууда. Мындай абал Кыргызстан жана Өзбекстан үчүн эң эле оңтойсуз. Мен жалпысынан бул багытта жылыштар болуп жатканын көрүп турам. Ал эми комиссия чек арадагы делимитация жана демаркация иштерине киришип баштады”,-деп белгиледи депутат.

 

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу