Cаясат

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
04/10 15:56
 

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелер жакшырып баратканы байкалууда – саясат таануучу

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелер жакшырып баратканы байкалууда – саясат таануучу

Бишкек, 4-октябрь /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелер жакшырып, Баткен окуясына чейинки 90-жылдардагы форматына кайтып баратканы байкалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине саясат таануучу Игорь Шестаков билдирди.

Белгилей кетсек, биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев башында турган Кыргызстандын делегациясы 2016-жылы 1-октябрда өзбек тараптын чакыруусу менен Өзбекстандын Анжыян шаарында кыргыз-өзбек кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча иш-чарага катышкан.

Премьер-министрдин орун басары Адхам Икрамов башында турган өзбек тарап кыргыз делегациясын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы “Достук” текшерүү-көзөмөл пунктунда тосуп алышты.
Иш сапардын жыйынтыгында эки өлкөнүн 3 облустарынын ортосунда өз ара кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду. Атап айтканда, КРнын Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын башчылары менен Өзбекстандын Анжыян, Фергана, Наманган облус башчылары кол коюшту.

Саясат таануучу Игорь Шестаковдун айтымында, эң башкысы – бул Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда сүйлөшүүлөрдүн башталышы болду. “Эгерде өткөн кылымдын 90-жылдарын эстеп көрсөк, эки өлкөнүн ортосундагы мамиле жылуу болчу. Бирок, Баткен окуясынан кийин Өзбекстан коопсуздук чыңдоо саясатын күчөттү. Акыркы жылдарда айрыкча, өткөн 3 жылда КР менен Өзбекстандын ортосунда жогорку деңгээлдеги расмий байланыш болгон жок. Чек ара маселелеринен чыккан түшүнбөстүктөр соода-экономикалык абалга да, ошондой эле бул бүтүндөй Фергана аймагынын коопсуздугуна тескери таасир этти. Анткени, мындай кырды-бычак мамилелерди экстремисттер жана террористтер да пайдаланып кетиши ыктымал эле”,-деди И.Шестаков.

Саясатчы мындан тышкары, Өзбекстандын жаңы бийлиги алдыдагы президенттик шайлоолорго байланыштуу коопсуздукту камсыз кылуу максатын көздөп жатканын айтты.

“Көпчүлүк деструктивдүү күчтөр мындай абалдан биздин аймакта да пайдаланып кетүү мүмкүндүгүн түшүнүп турушат. Буга байланыштуу өз ара кызматташуу абдан маанилүү. Артыкчылыктуу багыт болуп Өзбекстандын ЖККУга мүчө болушу саналат. Мен Ислам Каримовдун көп векторлуу саясаты калат деген ойдомун. Бирок, коопсуздук максатында Өзбекстандын Президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиеев бул уюм менен кызматташат”,-деген ойду айтты ал.

И.Шестаков ошондой эле, чек ара маселесинде да түшүнүшүүлөр боло турганын белгилейт. “Мен албетте 20 жыл ичинде жыйылган чек ара маселелери тез арада чечилет деп айта албайм. Мүмкүн талашып-тартышуулар болот. Бирок, ал диалогдун деңгээлинде гана болот. Бул эң башкысы. Мындан тышкары, соода-экономикалык долбоорлор боло тургандыгын четке кагууга мүмкүн эмес. Менимче, Өзбектан ЕАЭБ менен кызматташат. Себеби, Россиядагы мигранттардын саны боюнча Өзбекстандыкы көп. Алардын мигранттары Казастан, Кыргызстанда дагы бар. Ошондуктан, буга байланыштуу коңшу мамлекетти ЕАЭБдин мүчөсү катары көрүп калышыбыз ажеп эмес”,-деп кошумчалады ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу