Cаясат

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
03/10 22:17
 

Президент Атамбаев ГФРдин Федералдык Президенти Й. Гаукту жана ГФРдин Федералдык канцлери А.Меркелди Германиянын Биримдик күнү менен куттуктады

Бишкек, 3-октябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти Йоахим Гаукту жана Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркелди Германиянын Биримдик күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти Йоахим Гаукка куттуктоо телеграммасында кызматташтыктын соңку жылдары эки өлкөнүн өз ара алака-катышында маанилүү жылыштар болгону белгиленет.

«Кыргыз жана герман тараптардын жетишкендиктер менен чектелбөө ниети, эки тараптуу кызматташтыктын потенциалы али түгөнүп бүтө электигин түшүнгөнү жана эки элдин бакубаттыгы үчүн биздин мамлекеттердин өз ара мамилелерин мындан ары да өнүктүрүү үчүн колдон келгендин бардыгын жасап жатышкандыгы кубандырат», - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркелге куттуктоо телеграммасында Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн кыргыз-герман катнаштары өнүгүүнүн жаңы белесине чыкканын белгилеген.

«Кыргызстанда Сиздин биздин өлкөгө 2016-жылдын июлундагы сапарыңызды абдан жылуу эстешет. Биздин мамлекеттер менен элдердин узак мөөнөттүү таламдарына туура келген чыныгы өнөктөш кызматташтыкка жеке катышкандыгыңыз үчүн Сизге ыраазылык жолдоого уруксат этиңиз.

Биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелер гуманизм, демократия, толеранттуулук жана теӊ укуктук принциптерине негизделүү менен мындан ары да бекемделет жана тереңдейт деген ишенимди билдирем», - деп айтылат Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти Йоахим Гаукка жана Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркелге чың ден соолук жана мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми дос герман элине бакубаттык менен гүлдөп өсүүнүн каалады.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу