Cаясат

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
03/10 15:22
 

Асака шаарында кыргыз-өзбек тараптардын ортосунда түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду

 Бишкек, 3-октябрь /Кабар/. Кыргыз делегациясынын Андижан облусуна болгон сапарынын алкагында түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду, анда эки тарап тең чек арада болгон маселелерди өз убагында чечүүгө милдеттендирилди.

«Менимче биздин байланыш мамилебиз көп жылдар бою түзүлгөн жана бул жылы биз Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда түзүлгөн түбөлүк достук келишимин белгилейбиз. Бүгүнкү күндө жаңы формадагы импульс жөнүндө, айрыкча чек ара аймактарындагы жаңы мамилелер жөнүндө сөз кылып жатабыз.

Бул импульс чек ара маселесине байланыштуу бир топ суроолорду чечүүгө жардам берет деп ишенем”,-деди Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Адхан Икромов.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиевдин айтымында, бул меморандум бардык маселелер боюнча өз ара мамилелерди өнүктүрүүгө жаңы дем берет. «Биздин жетекчилер ай сайын, жума сайын эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, актуалдуу маселелерин карап чыгышат жана анын натыйжалары Өкмөткө өткөрүлүп турат», - деп билдирди ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу