Cаясат

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
03/10 12:00
 

Ирандын Кыргызстандагы жаңы элчиси: “Эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык мамилелер чоң мүмкүнчүлүккө ээ”

Бишкек, 3-октябрь /Кабар/. 30-cентябрда Иран Ислам Республикасынын Кыргызстанга жаңы дайындалган Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Али Мужтаби Рузбахани жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугуп, эки мкамлекеттин ортосундагы кызматташуунун келечеги тууралуу айтып берди.

Алгач дипломат өзүн тааныштырып, мурда Ирандын Амман, Россия, Филиппин өлкөлөрүндө элчиси болуп, жакында Кыргызстанда бул бийик даражалуу миссияны аткара баштагандыгын билдирди.

“Дини, дили бир, тили окшош ирандыктар менен кыргызстандыктардын ортосунда кылымдардан бери достук мамиле бар. Албетте, бир учурларда өйдө-төмөн да болду. Анткен менен биздин кызматташтыгыбыз туура багытта өнүгүп-өсүп отурду. Президентибиз Хасан Руханинин алгачкы чет элдик иш сапары Кыргызстанга жасалган. Анда ШКУнун саммити Бишкекте өткөн болчу. Албетте бул иш-сапар биздин достугубуз менен кызматташтыгыбыздын бекемдигин далилдеп турат. Ирандын президенти жакын арада дагы бир ирет касиеттүү кыргыз жергесине расмий иш сапар менен келип-кетүүгө ниеттенүүдө. Мындай жогорку деңгээлдеги сапарга азыр даярдыктар көрүлүп жатат. Биз тиешелүү документтерди даярдашыбыз керек.

Өткөн жылы Кыргызстандын президенти улуу урматтуу Алмазбек Атамбаевдин Иранга жасаган жогорку деңгээлдеги расмий иш сапары биздин өлкөдө чоң саясый окуя катары кабыл алынып, эки мамлекеттин ар тараптуу мамилесин ого бетер бекемдеп койду. Ошол иш-чаранын учурунда Иран менен Кыргызстандын ортосундагы онго жакын документтерге кол коюлду",-деди Али Мужтаби Рузбахани.

«Тилекке каршы учурда биздин соода-экономикалык мамилелерибиз өз деңгээлинде эмес. Анын виза, түз аба каттамынын жоктугу, транспорт көйгөйү сыяктуу бир нече жүйөлүү себептери бар. Анткен менен Иран дүйнөдө экономикасы өтө жогору өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирет. Мындай ийгиликке биз 37 жылдык эл аралык санкцияга карабай жетишкендигибизди белгилеп койгум келет. Өз кезегинде Иран Кыргызстан менен транспорт, транзиттик жүк ташуу, айыл чарбасы жана башка тармактарда кызматташууга даяр. Мындан тышкары биз Сиздер менен гуманитардык багытта иштешүүгө кызыкдарбыз. Анткени бир гана саясый, экономикалык эмес, гуманитардык жактан кызматташуу биздин ортобузду ого бетер жакындатат»,-деп кошумчалады Элчи.

Ал эми Иранда илим, техника, медицина, жогорку билим берүү жогорку деңгээлде өнүккөндүктөн, Кыргызстан менен ушул багытта да кызматташууга кызыкдар экендигин баса белгиледи. “Албетте, ирандык ишкерлердин Кыргызстанга кызыгуусу жогору. Ошондуктан жакын арада жоон топ жеке ишкерлер бул жакка келмекчи. Бирок, айрым жагдайлардан улам Иранда Кыргызстан, Кыргызстанда Иран тууралуу маалымат жетишсиз болгондуктан, бири-бирибиз тууралуу ортодо боштук да бар. Дал ушул жагдайдан улам мен элчи катары алгачкы ишимди белгилүү массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери катары Сиздер менен жолугушуудан баштап отурам. Ошондой эле, биз кыргызстандык журналисттердин Иранга болгон иш сапарын уюштурууну пландаштыруудабыз”,-деп жыйынтыктады өз сөзүн элчи Али Мужтаби Рузбахани.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу