Cаясат

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
01/10 13:56
 

Санкт-Петербург шаарынын губернатору Георгий Полтавченко Россиядагы кыргыз мигранттарынын абалы жакшырат деп ишендирди

Санкт-Петербург шаарынын губернатору Георгий Полтавченко Россиядагы кыргыз мигранттарынын абалы жакшырат деп ишендирди

Бишкек, 1-октябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице¬-премьер-министри Жеңиш Разаков кечээ, 30¬сентябрда «Жолдордогу коопсуздук жашоонун коопсуздугу үчүн» VI Эл аралык конгрессинин ишинин алкагында Санкт-¬Петербург шаарынын губернатору Георгий Полтавченко менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан жана Санкт¬-Петербургдун аймак аралык кызматташуусунун артыкчылыктуу маселелери талкууланды. Жеңиш Разаков белгилегендей, Россиянын субъектиси менен аймак аралык кызматташууну өнүктүрүүнү активдештирүү маданий-гуманитардык жана эки тараптуу өз ара пайдалуу соода¬экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн өбөлгө түзөт. «Көп тараптуу кыргыз-россиялык соода-¬экономикалык кызматташтык белгилүү өлчөмдө аймактык байланыштар менен аныкталат», — деп белгиледи Жеңиш Разаков.

Тараптар ошондой эле, Кыргызстандын эмгек мигранттарынын маселесин талкуулады. Вице¬премьер¬ министр белгилегендей, «кара тизменин» кыскартылышына карабастан, 2015-¬жылдын 19-¬июнундагы Санкт-¬Петербург макулдашууларын ишке ашыруу натыйжалары боюнча, андагы кыргызстандык жарандардын саны көп бойдон калууда. Буга байланыштуу ал тараптардын биргелешкен натыйжалуу аракеттерине жана Кыргыз Республикасынын ЕАЭБдеги мүчөлүгүнө жараша Россия Федерациясынын аймагында жашап жана иштеп жаткан эмгек мигрантарынын абалы бир кыйла жакшыртылышына ишеним билдирди.

Жолугушууга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев да катышты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу