Cаясат

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
30/09 14:02
 

КР ТИМи ЕККУга Кыргызстандагы бул уюмдун катышуу статусун өзгөртүү процессин баштоо тууралуу ниетин билдирген нота жибергенин тастыктады

 КР ТИМи ЕККУга Кыргызстандагы бул уюмдун катышуу статусун өзгөртүү процессин баштоо тууралуу ниетин билдирген нота жибергенин тастыктады

Бишкек, 30 сентябрь /Кабар/. Бир катар ЖМКлардын Бишкектеги ЕККУ Борборунун статусун жана мандатын өзгөртүү тууралуу жазгандарына байланыштуу КР Тышкы иштер министрлиги 2016-жылдын 27-сентябрында министрлик тарабынан Европа коопсуздук жана кызматташттык уюмуна (ЕККУ) ЕККУнун катышуу статусу жана мандаты тууралуу нота жиберип, ЕККУнун Бишкектеги борборунун кеңсесин, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесине айландыруу тууралуу билдирген. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине КР ТИМдин маалымат Департаментинин биринчи катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.

"Кыргыз тарап мурда билдиргендей, ЕККУнун жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларда жана ЕККУнун министрлер конференциясында чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө ЕККУнун эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана анын Кыргызстандагы долбоорлук-программалык ишмердүүлүгүн Кыргызстандын жаңы реалдуу керектөөлөрүн, ошондой эле өлкөнүн приоритетин эске алуу менен жакшыртуу тууралуу бир нече жолу айткан болчу”,- деп белгиледи А.Кулукеева.

Анын сөзүнө караганда, бул тууралуу ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаев ЕККУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин 2016-жылдын 1-сентябрында Потсдамда өткөн бейформал кездешүүсүндө билдирген. Кыргыз тарап өлкө эгемендүүлүк алган 25 жылдын аралыгында Кыргызстандагы саясый кайра түзүү чөйрөсүндө ЕККУ менен демократиялык реформалар жолундагы көп жылдык кызматташуусу жемиштүү болду, ЕККУнун катышуусу тарыхый миссиясын аткарды деп айта алат. Буга байланыштуу социалдык-экономикалык маселелерди жана коопсуздукту камсыз кылуу зарылдыгын эске алуу менен долбоорлук ишмердүүлүктү кайра карап чыгуу зарылдыгы бар деп эсептейбиз.
Ошондуктан, ЕККУнун Кыргызстандагы ишмердүүлүгү өлкөнүн керектөөлөрүнө шайкеш келиши логикалык жактан туура болмокчу”,- дейт КР ТИМинин маалымат департаментинин биринчи катчысы.

А.Кулукеева белгилегендей, буга байланыштуу кыргыз тарап ЕККУнун Бишкектеги Борборунун статусун кайра түзүү жана мандатын жаңыртуу тууралуу ЕККУга мүчө-мамлекеттердин 2016-жылдын декабрь айында Гамбургда өтө турган жыйында расмий билдирмек болгон. “Ошол эле учурда, жасаган кылмыш иштери үчүн издөөдө жүргөн жаран Кадыржан Батыровдун ЕККУнун адам укуктары тууралуу Варшавада өткөн жыйынында сүйлөгөн сөзүнө байланыштуу жаңжал кыргыз тараптын чечимин тездетти жана бул тууралуу ЕККУга расмий билдирди.

Өз кезегинде кыргыз тарап К.Батыров жасаган кылмышынан тышкары, этникалык же саясый көз караштарынан улам, же болбосо башка бир шылтоолор менен куугунтукка алынган эместигин баса белгилейт”, -деп билдирди ТИМдин өкүлү.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу