Cаясат

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
29/09 17:39
 

Бишкекте кыргыз-чех кызматташтыгы талкууланды

Бишкек, 29-сентябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-сентябрда Чехия Республикасынын Казакстан жана Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Элишка Жигова жетекчилик кылган Чехия Республикасынын делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы кызматташтык келечеги тууралуу пикир алмашуу орун алды.

Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргызстан Чехия Республикасы менен достук мамилелерди өнүктүрүүгө чоң маани берет.

“Кыргызстан эли өткөн кылымдын 20-жылдарындагы Кыргызстандын өнөр-жайынын негизделишине жана чыңдалышына чех ыктыярчыларынын кошкон баа жеткис салымын унутпайт. Өз кезинде Кыргызстандын жалпы өнөр-жай продукциясынын 45%ын өндүргөн «Интергельпо» кооперативи Кыргызстан элине интернационалдык көмөк көрсөтүүнүн ири долбоору болгон”, – деди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр мамлекеттер аралык достук мамилеге карабастан экономикалык байланыш жана соода тармагында пайдаланылбай жаткан чоң мүмкүнчүлүктөр калууда. Буга байланыштуу Өкмөт башчы Кыргызстан жана Чехия аралык экономикалык дипломатияны активдештирүүгө чакырды жана соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-чех өкмөт аралык комиссиясын түзүүнүн максаттуулугун белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн инвестициялык саясатына тийиштүү билдиргендей, Кыргызстанда чет элдик инвесторлор үчүн бардык тийиштүү шарттар түзүлгөн. Ал Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фонду жана Чех Экспорттук банкы ортосундагы инфраструктура жана энергетика жаатындагы конкреттүү долборлорду ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюулушун кубаттады. Меморандум алкагында кичи ГЭС жана иштеп жаткан ГЭС каскаддарын реконструкциялоо, органикалык жер семирткичтерди өндүрүү жана «Смартсити» жана «Смарткантри» долбоорлору каралган.

Премьер-министр Чехия Республикасынын ТИМи жана Кыргыз-Россиялык Өнүктүрүү фонду тарабынан уюштурулган Экнчи кыргыз-чех форумунун уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, аталган жолугушууда талкууланган сунуштар жана демилгелер жакынкы арада ишке ашырылып, кыргыз-чех өнөктөштүк мамилелерин байытаарына, бул өз кезегинде Кыргызстан жана Чехия аралык достук жана ишеним мамиленин чыңдалышына өбөлгө түзөөрүнө ишеним билдирди.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстанда либералдык салык режими орун алган, инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу тармактар катары тоо-кен өндүрүшү, энергетика, айыл чарба жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү эсептелет», – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Толук жана Ыйгарым укуктуу элчи Элишка Жигова чех ишкерлеринин Кыргызстандын келечектүү долбоорлоруна инвестициялоого кызыкдарлыгын белгиледи. Ал белгилегендей, Чех Экспорттук банкынын Кыргызстан рыногуна аралашуусу эки өлкө үчүн тарыхый окуя катары бааланат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу