Cаясат

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
29/09 17:31
 

Октябрь районунда мугалимдер арасында «Жүрөгүмдү балдарга арнайм - 2016» сынагы өттү

Октябрь районунда мугалимдер арасында «Жүрөгүмдү балдарга арнайм - 2016» сынагы өттү

Бишкек, 29-сентябрь /Кабар/. Октябрь районунда мугалимдер арасында «Жүрөгүмдү балдарга арнайм - 2016» сынагы өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

Аталган иш-чара №17 мектеп-гимназиясынын чоң залында болду.

Сынак 2 этап менен өткөрүлүп, калыстар тобу катышуучулардын кесиптик чеберчилигин баалашты. Октябрь районунун мыкты мугалимдери төмөнкү номинацияларга катышты: «Мыкты мугалим - 2016», «Мыкты жаш мугалим - 2016», «Эң мыкты класс жетекчи - 2016», «Мыкты мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы -2016».

Көп бал алган жеңүүчүлөрдү район башчысы Нурбек Курманбеков куттуктап, грамота жана баалуу белектер менен сыйлады.
Аталган сынактын максаты талантуу мугалимдерди аныктоо, кесибин жогорулатуу, билим берүү тармагындагы кызматкерлердин чыгармачылык потенциалын ачуу болуп саналат.

Иш-чарага райондук бюджеттен 100 миң сом каражат бөлүндү.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу