Cаясат

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
29/09 17:21
 

Медеткан Шеримкулов: “Кумтөргө” байланыштуу кылмышка күнөөлүүлөрдүн бары жазага тартылышы керек”

Медеткан Шеримкулов: “Кумтөргө” байланыштуу кылмышка күнөөлүүлөрдүн бары жазага тартылышы керек”

Бишкек, 29-сентябрь /Кабар/. “Кумтөргө” байланышкан кылмыштарга күнөөлүүлөрдүн бары жазага тартылышы керек. Бул тууралуу журналисттерге легендарлуу парламенттин спикери Медеткан Шеримкулов билдирди.

Анын айтымында, ал Конституцияга өзгөртүү киргизүүнүн “Кумтөр” алтын кенине байланыштуу кылмыштар боюнча мөөнөттүн эскилигин жокко чыгаруу бөлүгүн колдойт.

“Кумтөр” маселесинде парламент менен президенттин ортосунда ажырымдар дайыма болуп келген. Өз кезегинде ушул тема боюнча Аскар Акаев менен менин көз карашым да туура келчү эмес. Мен ошондо чет элдик инвесторлорго көз каранды болбоо үчүн эгер биз азыр даяр эмес болсок, анда кен казууну дагы бир нече жылдарга калтыралы деп айткам. Анткени, “Кумтөр” алтындын запасы боюнча дүйнөдө 7-орунда турчу. Мен бюджетти толтуруу жана экономиканы өнүктүрүүнүн башка жолдорун сунуштагам. Азыр эмне көрдүк? Өткөн жылдар аралыгында ал жактан 300 тонна алтын казылып алынды, Кыргызстан 30 тоннасын гана алды, башкача айтканда ал 10%ды гана түзөт. Ушундан кийин кимдир-бирөөлөр бул маселе менен эсептешкиси келбей жатабы?”,-деп та калды М.Шеримкулов.

Экс-спикер Кыргызстан дүйнөлүк коомчулукта кадыр-баркын жоготкон жок, тескерисинче сый-урматка ээ болууда деп эсептейт. “Анткени, биздин бардык аракеттер мамлекеттин кызыкчылыгына багытталат. Биз “Камеко” же “Centerra Gold Inc” сыяктуу ири компаниялардын алдында өзүбүздүн укугубузду коргойбуз”,-деп кошумчалады ал.

Мындан тышкары, легендарлуу парламенттин спикери “Кумтөрдүн” айланасында жасалган кылмыштар жогоруда жатат деп билдирди.
“2014-жылы белгилүү адамдарга карата кылмыш иши козголгондо биздин укук коргоо органдар ыкчам реакция кылбай коюшту. 2014-жылдын аягында кылмыш кылуу боюнча мөөнөт эскрип калды. Мен мындай бойдон калбашы керек деп эсептейм. Бирдык күнөөлүүлөр жазага тартылышы керек, ошондуктан мен бул норманы толугу менен колдойм”,-деди М.Шеримкулов.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу