Cаясат

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
29/09 14:35
 

Канат Исаев: Референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун 120 депутаттын ичинен 90ну колдоду

Канат Исаев: Референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун 120 депутаттын ичинен 90ну колдоду

 Бишкек, 29-сентябрь /Кабар/. Конституцияны өзгөртүү үчүн Референдумду белгилөө боюнча мыйзам долбоорун 120 депутаттын ичинен 90ну колдоду. Бул тууралуу көпчүлүк каолициянын лидери Канат Исаев билдирди.

“Башында аны 84 киши колдогон, андан кийин 6 киши кошулду. Бул документ бүгүн парламентте көрсөтүлдү. Бул убакытта 4 тегерек үстөл өткөрүлүп, 60дан ашык кат келди жана түзүлгөн эксперттик топ ар бир кайрылууну карап чыкты. Коомдук талкуулар ачык жана айкын өттү. Эч кандай норма бузулган жок”,-деп ишендирди депутат.

Анын айтымында, бул мыйзам долбоорун карап чыккандан кийин тегерек үстөлдөр өтө берет, бардык сунуш кылынган өзгөртүүлөр жумушчу топ тарабынан каралып чыгат.

Ал ошондой эле, референдумду ушул жылдын 4-декабрында өткөрүү белгиленип жатканын айтты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу