Cаясат

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
28/09 18:10
 

Президент Башмыйзамга өзгөртүү киргизүүнү колдойт, анткени өлкөнүн көз карандысыздыгына реалдуу коркунучтар пайда болду – Фарид Ниязов

Президент Башмыйзамга өзгөртүү киргизүүнү колдойт, анткени өлкөнүн көз карандысыздыгына реалдуу коркунучтар пайда болду – Фарид Ниязов

Бишкек, 28-сентябрь /Кабар/. Президенттин аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязов КТРКдагы “Ой-Ордо” берүүсүндө мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев эмне себептен Башмыйзамга өзгөртүү киргизүүнү колдоону чечкендигин жана талкуулоого активдүү кошулгандыгын айтып берди.

Ф.Ниязовдун айтымында, толуктоолорго 6 жыл болду. Биринчи жолу Кыргызстандын тарыхында Башмыйзамды өзгөртүү боюнча референдумдардын ортосундагы аралык 6 жылга созулду.

“Мындан мурда эң узак дегенде 2,5 жыл болчу. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө 6 жыл болду, алар 2 ай талкууланды. Бул жетиштүү эле мөөнөт. Быйыл жазда Президент референдумду өткөрбөй турууну айткан, анткени саясый процесс тынч болчу, тобокелчилик жок эле. Бирок, Азимжан Аскаровго карата БУУнун чечиминен кийин мамлекет башчысынын пикири өзгөрдү. Ал реалдуу коркунучту көрдү. Башкача айтканда, эл аралык уюм КР Жогорку сотунун чечимин өзгөртүүнүн талап кылды. Акыркы күндөрү кылмышкер Кадыржан Батыровго карата жагдайды байкап жатабыз, ага Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институт жана адам укугу боюнча бюросунда (ДИАУБ) 3-мертебе сөз беришти, акыркысында Кыргызстандын делагациясынын каршылыгына да караган жок. КР Тышкы иштер министри муну Кыргызстандын ички иштерине кийлигишүү катары карады. Мамлекеттин көз карандысыздыгына реалдуу коркунуч туулуп жатат”,-деди Ф.Ниязов.

Ошондой эле, Президенттин аппарат жетекчиси Башмыйзамда макулдук берилген бир жыныстагылардын никеси тууралуу “мина” эртели-кеч жарылышы мүмкүндүгүн белгиледи.

“Интернетте да, көчөлөрдө да сексуалдык азчылыктар тууралуу жазып жатышканын көрүп жатабыз, бул кырдаалды курчутууда. Ким гана болбосун бир жыныстагыларга жол бербөө тууралуу Үй-бүлө кодексиндеги Башмыйзамга туура келбеген норманы аныктоо үчүн Констутуциялык палатага кайрыла алат. Бул да чындык”-деп кошумчалады Ф.Ниязов.

Мындан тышкары, ал Башмыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн дагы бир маанилүү себеби – башкаруунун парламенттик формасына өтүү экендигин билдирди.

“Түшүндүрүп айтайын. Бүгүнкү күндө Президент борбордо туруп калды, башкача айтканда, эң чоң фигара. 5 жыл ичинде мына ушундай система түзүлдү. Жогорку Кеңеш мамлекет башчысынан кийин турат. Бирок Өкмөт бийликтин аткаруу тармагы болсо да эмнегедир каршы тарабында жайгашкан. Мындан тышкары Министрлер кабинетин парламент түзөт. Ошондой эле Президентке Башкы прокуратура менен соттор жакын турат. Бирок алар Жогорку Кеңештен алыс. Натыйжада Өкмөт четке чыгып калган. Учурда мындай суроо туулат, эгерде депутат Премьер-министр болуп калса, ал бекитилгенден кийин аны жогорулатканы же төмөндөткөнү түшүнүксүз. Эгерде Министрлер кабинетине каолициянын лидери дайындала турган болсо, эң чоң фракциянын өкүлү келген болот, ал эми кимдин партиясы экинчи турса, ал партиядан депутат вице-премьер болуп калат, ошентип маанилүү маселени кабыл алууда алар өздөрүнүн партиялаштары менен келишип алышы мүмкүн. Ошону менен бирге Премьер же анын орун басары болуп дайындалган депутат өзүнүн мандатын сактап калат. Ошентип, биз парламентти да, Өкмөттү да бир тарапка өткөрөбүз”,-деп түшүндүрдү Фарид Ниязов.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу