Cаясат

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
28/09 13:19
 

КРӨФ менен Чехиянын экспорттук өнүгүү банкынын кызматташуусунун алкагында наркы 1,5 млн долларлык 12 долбоор иштелип чыкты

Бишкек, 28-сентябрь /Кабар/. Бул тууралуу Чехиялык экспорт банкынын өкүлү Зюзаннна Шейткова билдирди.

Өз кезегинде фонддун төрагасы Кубанычбек Кулматов бул долбоорлордун ишке ашып жаткандыгын билдирди. “Тазалоо курулуштары боюнча Ысык-Көлдүн эки пансионатында иш жүрүп жатат. Кара-Балта курулушту жөндөп коюшту. Бул дээрлик жаңы жабдуулар, Чех компаниясынын аны ушул жерде ишке ашырып жатканы мен үчүн кубанычтуу”,-деп белгиледи К.Кулматов.

Ошондой эле, К.Кулматов Чехия гидроэнергетика, прибор куруу же машине куруу, ошондой эле шаардын жана калктуу пунктардын инфраструктураларына инвестиция салууга кызыкдар экенин да айтып өттү.

«Сөз мен мэр болуп турганда кол жетпеген жергиликтүү муниципалитеттер тууралуу болуп жатат. Каржылоо жетишчү эмес. Ошол учурда бул - мамлекеттик жана жеке менчик ортосундагы жаңы ыкма. Коммерциялык компаниялар муниципалитетке жана элге сапаттуу жаңы тейлөөлөрдү көрсөтүшөт”,-деп кошумчалады ал.

Белгилей кетүүчү нерсе, бүгүн Бишкекте Кыргыз-Чехия бизнес форуму өтөт, ага Кыргызстандан жана Чехиядан 400 ашык бизнесмен катышат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу